Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Астана менен Ташкентти кыжырланткан орус пропагандасы


Жыл башында теле алып баруучу, "Газпром-медиа" мамлекеттик медиа холдингдин башкы директору Тина Канделаки темир жол станцияларынын аттарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган.
Жыл башында теле алып баруучу, "Газпром-медиа" мамлекеттик медиа холдингдин башкы директору Тина Канделаки темир жол станцияларынын аттарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган.

Өткөн аптада өзбек парламентинин вице-спикери орус тилиндеги берүүлөрдү чектөө маселесин козгогон. Орус телеканалдарын Борбор Азияда да эркин көрүүгө болот. 

Ал арада санкцияларга карабай, Еврошаркетте Кремлдин пропагандасын жайылткан маалымат каражаттарынын сайттарына тоскоолдуксуз кирсе болору ачыкка чыкты.

"Кремлдин режими медианы манипуляция куралына айландырды"

RT каналынын серб тилиндеги сайты. Брюссель, 29-январь 2024-жыл
RT каналынын серб тилиндеги сайты. Брюссель, 29-январь 2024-жыл

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Балкан кызматынын Брюсселдеги кабарчысы Еврошаркеттин мекемелери жайгашкан имараттардан VPN жок эле RT телеканалынын программаларын ээн-эркин көрүп, Sputnik агенттигинин сайтына киргенин жазды. Алардын материалдарын англис, француз, немис, серб, испан жана араб тилдеринде көрүп, окууга болот экен.

Москва Украинага кол салгандан көп узабай, Кремлдин пропагандасын жайылткан медиага каршы санкциялар киргизилген.

“Жазалоочу чаралар берүүлөрдү тараткан кабелдик, спутник каражаттары, веб-сайттар менен тиркемелерге жайылат. Бардык лицензия, уруксат кагаздарын берүү токтогон”, - деп түшүндүрдү Европа комиссиясынын санарип маселелери боюнча өкүлү Йоханнес Барке.

Еврошаркеттин расмий адамдары жана эксперттер түшүндүргөндөй, 27 мүчө-мамлекет макулдашууну так аткаруу жагынан техникалык жана башка тоскоолдуктарга дуушар болууда.

Биримдик сөз болгон орусиялык эки каражатты “медиа уюм эмес, Кремлдин жалган айтуу куралы” деп сыпаттаган.

Албетте, Еврошаркет Орусиянын маалымат каражаттары аркылуу өз таасирин күчөтүү аракеттерин жакшы түшүнүп, ага каршы туруу чараларын көрүп келет.

“Орусия украин элине каршы мыйзамсыз согушун агрессивдүү пропаганда, маалымат согушу менен коштоп келет. Кремлдин режими мамлекет көзөмөлдөгөн медианы маалыматтык манипуляция куралына айландырды. Ушундан улам Европа Биримдиги бир катар каражаттардын, анын ичинен RT менен Sputnik'тин медиа мейкиндигинде иш жүргүзүүсүнө тыюу салган”, - деп айтты уюмдун өкүлү Питер Стано.

"Андан көрө кыргыз, түркмөн, тажик каналдарын көрөлү"

Орусиялык бир топ телеканалдарды Борбор Азияда эркин көрүүгө болот. Өткөн аптада Өзбекстанда орус телепрограммаларын азайтуу чакырыгы жаңырды.

Алишер Кадыров
Алишер Кадыров

Парламенттин вице-спикери, "Миллий тикланиш" партиясынын лидери Алишер Кадыров 26-январда орус тилин билим берүүдө, телеканалдарда жана башка тармактарда колдонууну кайра карап чыгууну сунуш кылды.

“Орусиянын расмий адамдары шовинисттердин түшүнүксүз жүрүм-турумун айтуу менен гана чектелишет. Алар ушундай кеп-сөздөргө кызыкдар деген сезим пайда болууда. Акыркы мезгилде орус тилинде жалаң шовинисттик билдирүүлөрдү гана угуп келатабыз. Мындай жагдайда мамиле куруунун практикалык жагын карашыбыз керек. Мисалы, калктын үч пайызын гана түзгөн орус тилдүү мекендештерибиз орус тилин билим берүүдө жана телеканалдарда кеңири колдонушат. Мындай оош-кыйышты оңдоо зарыл", - деп жазган депутат Телеграм-каналына.

Кадыров өздөрүнүн фракциясы жакында "казак, азери, кыргыз, түркмөн, түрк жана тажик боордоштор менен телеберүүлөрдү алмашып туруу" маселесин карай турганын кошумчалады.

Орус медиа өкүлдөрүнүн чагымчыл билдирүүлөрү

Анын алдында орусиялык тарыхчы Михаил Смолин Орусиянын НТВ телеканалында сүйлөгөндө, "1917-жылкы революцияга чейин өзбектер жок болчу" деп айткан.

Михаил Смолин
Михаил Смолин

"Казакстан кантип пайда болгонун карап көрсөңөр. Адегенде РСФСРдин курамындагы Казак Республикасы деп аталып келди. Башкача айтканда, эч кандай казактар жок болчу. Анан Казак ССРнини курамында Кыргыз АССРи түзүлдү. Анан алып туруп аны РСФСРден бөлүп салышты. Улуттарды калыптандырууда каалагандай чечимдерди кабыл алып келишти. Мисалы, революцияга чейин өзбектер болгон эмес. Андай этникалык аталыш дагы жок болчу. Борбор азиялык бир нече элден алып туруп өзбектерди пайда кылышты. Азерлер кимдер? Андай улут жок", - деп айткан Смолин.

Былтыр 20-декабарда орусиялык жазуучу жана саясатчы Захар Прилепин Москвадагы пресс-конференцияда “өзбекстандык 2 миллион жаран биздин өлкөдө жүргөндүктөн, Орусия Өзбекстанды аннексиялап алышы керек" деп айткан. Ал ошондо СССРдин ыдырашы тууралуу документтердин бардыгы мыйзамсыз деп таанылууга тийиш экенин, жарандары Орусияны каптап кеткендиктен, кошуна өлкөлөрдү “толугу менен кошуп алуу керектигин” билдирген.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Ташкенттеги элчисин чакыртып, Прилепиндин айткандарын чагым деп сыпаттаган, андай сөздөр эки өлкөнүн мамилесине терс таасир тийгизерин эскерткен.

Орусиянын тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Мария Захарова кырдаалды жымсалдоого аракеттенип, жазуучунун айткандары ал кишинин гана жеке оюн чагылдырарын билдирген.

Орусиялык медиа өкүлдөрү буга чейин да Борбор Азиянын дарегине чагымчыл билдирүлөрдү жасап келген.

Жыл башында теле алып баруучу, "Газпром-медиа" мамлекеттик медиа холдингдин башкы директору Тина Канделаки темир жол станцияларынын аттарын орусчадан казакчага өзгөрткөнү үчүн Астананы катуу сындаган.

“Мисалы "Уральск" дегенди "Орал", "Узенди" "Жаңаөзен" деп өзгөртүүнү сунуш кылышууда. Балтика боюндагы мамлекеттердин тажрыйбасынан улам бул абдан кооптуу тенденция экенин билебиз. Ал жакта да майда нерселерден башташкан. Бара-бара кеңейди: орус мектептерин жаап, советтик эстеликтерди түрттүрүп, орус тилине тыюу салышкан. Акыр-аягында пенсионерлерди ызгаарда сыртка кууп чыгышты”, - деп жазган Телеграм-каналына Канделаки.

Казакстанда бул сөздөр катуу нааразылыкты пайда кылды. Канделаки анда да токтоп калбастан, кийин казакстандыктарды 2022-жылкы Январь окуялары учурунда, өлкөдө башаламандык өкүм сүргөн чакта Орусия жетекчилик кылган Жамааттык Коопсуздук келишим уюму Алматыга аскерлерин жөнөткөнүн унутпоого чакырды.

Бир нече күндөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Канделакини өлкөгө киргизүүгө тыюу салынганын билдирди.

Казак коомунун активдүү бөлүгү андай чагымчыл билдирүүлөрдү өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө коркунуч катары баалашат.

Былтыр ноябрда Астана орусиялык телеканалдарды көрүүгө мүмкүндүк берген Sputnik24 интернет порталын жапкан. Ага чейин жайында Казакстандын Маалымат министрлигинин "экстремизмдин белгилери бар" деген чечими менен орусиялык "Царьград" сайты бөгөттөлгөн.

Украинадагы согуш башталгандан бери Казакстанда толугу менен мамлекет көзөмөлдөгөн жана Кремлдин көз карашын чагылдырган орусиялык телеканалдарды өчүрүү чакырыктары эл арасында да утур-утур айтылып келет.

Кыргызстандын аймагында “Биринчи канал” (ОРТ),Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын” курамына кирген “Россия 24”, "РТР", “Культура” жана Орусиянын Коргоо министрлигинин “Звезда” телеканалдары иштейт.

Мындан тышкары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ишмердигине тыюу салынган Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иш алып барат.

XS
SM
MD
LG