Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

ЖЭБде дагы бир от казан ишке кирди


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

3-февралдын таңына карата Бишкеке жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жалпы кубаттуулугу — 245 мегаваттка көтөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, 3-февралда дагы бир от казан жана агрегат ишке киргизилет. Учурда алты от казан жана үч агрегат иштеп жатат. Түтүктөгү суунун ЖЭБден чыгып жаткандагы температурасы 68 градуска чейин жогорулады.

Жылуулук борборунда жалпы 15 от казан бар.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушу тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүү аракетин көрүүдө. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иши менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG