Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:55

Муфтият ислам дини эмдөөгө каршы эместигин эскертти


Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы балдарды медициналык эмдетүү ислам динине каршы келбейт деп эсептейт. Бул тууралуу муфтияттын Халал индустрияны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр Токтогазы уулу "Азаттыкка" билдирди.

"Себеби, адам баласынын ден соолугу маанилүү. Эмдөө - көптөгөн тажрыйбанын арты менен сунушталып жаткан алдын алуучу, профилактикалык ыкма. Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен бир топ жылдан бери тыгыз иштейбиз. Элге имамдар аркылуу маалыматтарды берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз", - деди ал.

Муфтияттын өкүлү эмдөөдөн баш тартып жаткандардын саны мурдагыдан азайып баратканын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткенин, бул оорудан 9 бала чарчап калганын Жогорку Кеңештин 17-январдагы жыйынында айткан. Министр ата-энелердин көбү диний түшүнүктөн улам балдарын эмдетпей атканын белгилеген.

Муфтияттын өкүлү Бактияр ажы Токтогазы уулу "баш тартууну диний көз карашынан" деген жалпы түшүнүк менен эле баалап коюу да туура эместигин айтты. Эмдөөчү препараттардын курамы жана анын канчалык коопсуздугу тууралуу адистер элге такай маалымат берип турса, натыйжасы жакшы болорун сунуштады.

2023-жылдын декабрь айындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамык оорусуна каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасында Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы болуп көрбөгөндөй өскөнүн белгилеген.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы медициналык эмдөөгө мусулманчылыкта тыюу жоктугун буга чейин да бир канча ирет билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG