Франция Украинада Орусиянын чабуулунан каза болгон ыктыярчылар тууралуу үн катты

Эммануэл Макрон.

Украинанын Херсон аймагында гуманитардык милдетин аткарып жүрүп орус армиясынын дронунан каза болгон эки француз жараны тууралуу француз бийлиги билдирүү таратты.

Франциянын тышкы иштер министри Стефан Сежурне X социалдык тармагындагы баракчасында "Орусиянын жапайычылыгы Украинадагы карапайым элге каршы багытталган" деп жазган. Ал «Орусия өзүнүн кылмыштары үчүн жооп бериши керек», - деп кошумчалады.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон каза болгон ыктыярчылардын жакындарына көңүл айтып, "Бул коркоктук менен жасалган кечирилгис иш" деп жазды.

Президент Владимир Зеленский баракчасына социалдык тармактагы билдирүүсүндө "Эр жүрөк француз ыктыярчылары адамдарга жардам көрсөтүштү жана биз алардын адамгерчилигине ар дайым ыраазыбыз" деп жазган.

1-февралда Орус аскерлери Херсон облусунун Берислав шаарын бомбалап, Франциядан келген эки ыктыярчы набыт болгонун Херсон облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Дагы үч чет элдик ыктыярчы, анын ичинде бир аял жеңил жаракат алганы расмий кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, январда орус армиясы Херсон облусунун калктуу аймактарын 2793 жолу аткылаган. Бул кол салуулардын натыйжасында аймактын 23 тургуну набыт болуп, дагы 122си ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. (AiA)

Дагы караңыз

Президент ЖЭБдеги авария отту катуу жаккандан да болушу мүмкүн экенин айттыОрусиянын президенттигине талапкер Надеждин жана Малинкович БШКга чакырылдыМинистр Ибраев Бишкекке бүгүн жылуулук бериле турганын билдирдиЖалал-Абадда жаңы автобустар кайрадан каттамга чыкпай калды