Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Жалал-Абадда жаңы автобустар кайрадан каттамга чыкпай калды


Жалал-Абад шаарындагы эл ташыган автобус. 9-январь, 2024-жыл
Жалал-Абад шаарындагы эл ташыган автобус. 9-январь, 2024-жыл

Өзбекстан метан газын бербей калгандыктан Жалал-Абад шаарында каттамга киргизилген жаңы автобустар кайрадан ишин токтотту. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы акыркы 10 күндөн бери Өзбекстан газ бербей жатканын билдирди.

Ушундай эле себеп менен 2023-жылдын аягы, ушул жылдын башында автобустар каттамга чыкпай калып, 9-январда кайра иштеп баштаган.

Расмий маалымат боюнча, 2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыккан. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20 автобус Өзбекстандан газ куюп келип жатат.

Кошуна өлкөдөгү инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Сузак районунун аймагына метан газ куюучу станциянын курулушу башталган. Ал салынып бүтө элек.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 26-октябрында Жалал-Абад шаарынын күнүндө 50 автобус тапшырган. Шаарга акыркы жолу 2010-жылы Кытайдан 17 автобус алынып келген. Анын ичинен 10 автобус бузулуп, 7 автобус гана иштеп жаткан. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG