Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Орусиянын президенттигине талапкер Надеждин жана Малинкович БШКга чакырылды


Орусиянын Боршайкомунун төрагасынын орун басары Николай Булаев.
Орусиянын Боршайкомунун төрагасынын орун басары Николай Булаев.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлер Борис Надеждин менен Сергей Малинковичти кол топтоодогу кемчиликтерин билдирүү үчүн 5-февралга чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Николай Булаевдин айтымында, Надеждин үчүн топтолгон колдор боюнча текшерүү жүрүп жатат, ал эми Малинковичтин документтерин текшерүү аяктап калды.

"Каза болгон адамдардын кол коюлган документтерин көргөндө кол топтоочулардын этикалык нормалары боюнча суроо туулат. Буга кандайдыр бир деңгээлде талапкердин да тиешеси бар", - деди Булаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы сөз кайсы талапкер тууралуу болгондугун азырынча так билдире элек.

Буга чейин “Жарандык демилге” партиясынан көрсөтүлгөн Надеждин менен "Орусиянын коммунисттеринен" көрсөтүлгөн Малинкович Борбордук шайлоо комиссиясына мыйзам талабына ылайык, арызын тапшырышкан. БШК талапкерлерди каттоо боюнча чечимди 10-февралга чейин кабыл алышы керек.

Борис Надеждиндин президенттикке аттанышын Орусиядагы оппозиционер саясатчылар Максим Кац, Михаил Ходорковский жана Кремлдин башкы сынчысы, азыр абакта кармалып отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары колдошкон. Анын талапкерлигин колдогондордон кол топтоо бекеттерине узун кезекке турган адамдардын сүрөт, видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан.

Надеждин Боршайком «кыйкым издешине» негиз болбошу үчүн кол топтоо дагы уланып, 150 миңге жеткирилерин 23-январда айткан.

Орусияда президенттик шайлоо 15-17-мартта өткөнү жатат. Катталган талапкерлердин тизмесин Боршайком 10-февралга чейин жарыялашы керек. (AiA)

XS
SM
MD
LG