Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

Президент ЖЭБдеги авария отту катуу жаккандан да болушу мүмкүн экенин айтты


Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборунда. 2-февраль, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборунда. 2-февраль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 2-февралда Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде борбордогу ыш маселеси боюнча да суроого жооп берип, ЖЭБдеги кырсык тууралуу божомолун да айтты.

Журналист “шаар тургундары Бишкектеги ышты ЖЭБдин иши менен байланыштырып келишкенин, быйыл ыш каптоо дээрлик байкалбаганын” билдирип “буга ЖЭБдин тиешеси жокпу?” деген суроо берген.

“Албетте, ышка ЖЭБдин да тиешеси бар. Анткени буга чейин Кара-Кеченин көмүрү жагылып келген. Толук бышпаган көмүр. Кубаттуулугу же башкача айтканда, калориялуулугу 3800 Ккал/кг. Биз былтыр Шабыркүл көмүрүн алалы деп, түздөн-түз Шабыркүл көмүрүн алганбыз. Таза көмүр, калориялуулугу 5500 Ккал/кг. Эми мен адис эмесмин. Бирок, ошентсе да күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кеченин көмүрүн жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип жарылуу болдубу деген ойдо турам. Борбор шаарыбызда быйыл ыштын аз болгондугу дагы таза көмүр жаккандыктан болду”, - деди президент.

Шабыркүл көмүрү Казакстандан алынат.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG