Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Министр Ибраев Бишкекке бүгүн жылуулук бериле турганын билдирди


Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ). 2-февраль, 2024-жыл.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 2-февралда саат 22:00-23:00дөрдө Бишкек шаарына толугу менен жылуулук бериле турганын билдирди. Ал жылуулук борборун калыбына келтирүүгө керектүү тетиктер жана кызматкерлер жетиштүү экенин маалымдады.

“Жеринде Бишкек ЖЭБдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Азыр эки эмес, үч кезекке бөлдүк. Буюрса, жакын арада шаардагы бардык үйгө жылуулук барат деп жатабыз”, - деди Ибраев.

Мунун алдында Бишкек Жылуулук электр борборунан өндүрүлүп жаткан электр энергиясынын кубаттуулугу 150 мегаваттан 215 мегаваттка жогорулаганы, ал эми түтүктөр аркылуу 51 градус жылуулуктагы суу берилип жатканы маалымдалган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бир бейтаптын абалы орточо оор деп бааланууда. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган.

XS
SM
MD
LG