Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болду

Бишкек Жылуулук электр борбору.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Каримов Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсык борбордун эски бөлүгүндө болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.

“Авария эски отко казандарында болду. Жаңыланган 3-4-от казандар иштеп жатат. Ошол жаңы жабдыктардын күчү менен иш алып барылууда”, - деди ал.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги ЖЭБдеги жарылуудан беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөнүн, алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатканын маалымдады. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлдү.

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБде чоң авария болуп, Бишкек бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн ага чейинки бийликтин тушунда Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынып, жоопко тартылган. (BTo)

Дагы караңыз

ЖЭБдеги авария: ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилдиӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирдиБишкекте ЖЭБдеги авариядан жабыркаган эки адамдын абалы оорБишкек ЖЭБинде авария болуп, үч адам жабыркады1-февраль: Элчиликтин машинеси кабылган кырсык, абакта калган журналист, Назарбаевдин эстелигиПрокуратура Алматыда камалган кыргыз ишкерине беш жыл сурады Reuters: Кытай "согуштун демөөрчүлөрү" тизмеси үчүн расмий Киевди эскертти