Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Reuters: Кытай "согуштун демөөрчүлөрү" тизмеси үчүн расмий Киевди эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай Украинанын кытайлык компанияларды “согуштун эл аралык демөөрчүлөрү” деп атаганы эки өлкө ортосундагы мамилеге залака тийгизиши ыктымал экенин эскертти. Бул тууралуу бүгүн 1-февралда Reuters маалымат агенттиги өз булактарына таянып жазды.

Маалыматта айтылгандай, кытайлык бийлик өкүлдөрү өткөн айда расмий Киевге Орусияга жардам берген деген 40 компаниядан турган тизмеге Кытайдын 14 ишканасын да кошкону үчүн нааразылыгын билдиришти.

Москва менен тыгыз байланышты карманып келе жаткан Бээжин Орусиянын Украинага кол салуусун айыптоодон карманган, бирок аймактык бүтүндүктү урматтоо зарыл деген позициясын билдирген.

Согуш башталганга чейин Кытай Украинанын негизги соода өнөктөшү болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG