Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган оппозициялык саясатчы Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаева жолдошунун моюн омурткасына дагы бир операция жасатуу зарыл экенин билдирди.
Бул тууралуу ал “Азаттыкка” айтып, 1-февралда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде жаткан Бектур Асановго жолугуп келгенин, абалы оор экенин кошумчалады.
“Ал күндөн-күнгө эки бутунун сезүүсү начарлап, "белден ылдый иштебей баратат” дейт. Экинчи операцияга муктаж болчу. Бирок дагы деле кармап жатышат. Бүгүн барсам, коляска менен алып келишти”, - деди Алтын Эркебаева.
Бектур Асановго 15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалып, 25-январда №31 дарылоо мекемесине которулган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)
Дагы караңыз
Алиянын өлүмү: анестезиологдун үй камагына чыгышы тууралуу маалымат берилди Назарбаевдин Улуттук музейдеги эстелиги да алындыЕвробиримдик Украинага 50 млрд евро бөлүү тууралуу чечимин бекиттиБишкекте ондогон үлүшчүлөр алданып калганын айтып, президентке кайрылды“Камбар-Ата-1” ГЭСи: Дүйнөлүк банктан алына турган насыя талкууландыКаирде Газа боюнча жаңы сунуш талкууланганы жатат