Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:46

Каирде Газа боюнча жаңы сунуш талкууланганы жатат  


Газа сектору. 2024-жылдын 31-январы.
Газа сектору. 2024-жылдын 31-январы.

Бүгүн 1-февралда Египеттин борбору Каир шаарында Газадагы атышууну токтотуу тууралуу сунуш ХАМАС тобунун (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) жетекчилиги менен талкууланганы жатат.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, сөз алты апталык тыныгуу тууралуу болуп жатат, ХАМАС ортомчулар Израил менен сүйлөшкөндөн кийин даярдаган бул сунушту карап чыгууга макулдугун билдирген.

Газанын өзүндө кармаш уланууда. Ал жердеги ХАМАСтын согушкерлерин жок кылып келатканын айткан Израил аскердик операциясын азыркы тапта сектордун негизги шаары Хан-Юнисте жүргүзүп жатканын кабарлоодо.

Израил ортомчулардын Газадагы атышууну токтотуу тууралуу жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканын 30-январда Би-Би-Си жазган.

28-январда Франциянын борбору Париж шаарында АКШ, Катар, Египет жана Израил өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Газадагы атышууну токтотуу жана барымтада турган израилдиктерди бошотуу тууралуу келишимге жетишүү ыктымалдыгы жогору экенин айткан.

Буга чейин ХАМАСтын лидерлери Израилдин чабуулдары убактылуу эмес, таптакыр токтошун талап кылып жатышкан.

Ал эми Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы чабуулдарын улантууда. Өлкө жетекчилиги ХАМАСты толук жок кылмайынча ал токтобой турганын билдирген.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 киши хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG