Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

“Камбар-Ата-1” ГЭСи: Дүйнөлүк банктан алына турган насыя талкууланды


Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн жолугушуусу.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн жолугушуусу.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-февралда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуп, “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) курууга алына турган насыяны талкуулады.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда Дүйнөлүк банк бере турган 500 млн доллар насыя кайсы иштерге жумшалары боюнча сөз болду. План боюнча №1 жана №2 суу өткөрүүчү туннелдери, транспорттук туннелди куруу иштери каралды. Банктын гидроэнергетика, айлана-чөйрөнү коргоо, сатып алуу боюнча адистери “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулуш долбоорун жеринде көрүп келишкени айтылды.

Президент Садыр Жапаров 22-январда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга карыз алууга даяр экенин айткан.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG