Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Алиянын өлүмү: анестезиологдун үй камагына чыгышы тууралуу маалымат берилди


Үч жаштагы Алиянын жакындары соттун имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрдү. 1-февраль, 2024-жыл
Үч жаштагы Алиянын жакындары соттун имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрдү. 1-февраль, 2024-жыл

Үч жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кармалган анестезиологду үй камагына чыгарган Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 1-февралда маалымат жыйын өткөрдү.

Судья Мирад Динеев анестезиологду үй камагына чыгаруу чечиминде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, тергөөдөн качпаганын жана ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып ушундай чечим чыкканын билдирди.

Маалымат жыйынга катышкан үч жашар Алиянын жакындары мындай чечимге макул эместигин, шектүү жазадан качуунун амалын издеп жатканын айтышууда. Алар "эми ал паспортун алмаштырып же өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн" деп кооптонуп жатканын кошумчалашты.

Судья ага жол берилбесин, шектүү үй камагынын шартын бузган учурда кайра кармалып, баш коргоо чарасы кайрадан караларын белгиледи.

Маалымат жыйыны өткөн соттун имаратынын биринчи кабатында Алиянын жакындары нааразычылык акциясын уюштурушту.

Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда тиш доктурда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, догдурлар операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырган.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен иш козголуп, анестезиолог камакка алынган.

31-январда Бишкек шаардык соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алиянын өлүмүнөн кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулганын билдирген. (NbA/КЕ)

XS
SM
MD
LG