Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:41

Евробиримдик Украинага 50 млрд евро бөлүү тууралуу чечимин бекитти


Бельгиядагы саммит. 2024-жылдын 1-февралы.
Бельгиядагы саммит. 2024-жылдын 1-февралы.

Европа Биримдиги Украинага 50 миллиард евролук жардам бөлүү чечимин кабыл алды. Бүгүн 1-февралда маселе Брюсселде аталган бирикмеге мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде каралды.

Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишель биримдиктин 27 өлкөсү бул чечимди колдошконун айтып, “Бул Украинаны туруктуу, узак мөөнөттүү жана күтүлгөн каржылоонун кепилдиги. ЕБ Украинага колдоо көрсөтүү маселесинде лидерлигин жана жоопкерчилигин көрсөтүүдө”, - деп белгиледи.

Евробиримдиктин бюджетинен Украинага 50 миллиард евро бөлүү тууралуу чечимге Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун декабрдагы саммитинде бөгөт койгон. Айрым маалымат каражаттары Будапешт эгер Киевге берилүүчү жардамды жыл сайын кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берилсе, ветосун алууга даяр экенин жазып чыгышкан.

Европа Биримдиги эгер 1-февралда өтө турган саммитинде Венгрия өкмөтү Украинага 50 миллиард евролук жардам тууралуу чечимге кайрадан каршы чыга турган болсо, ага экономикалык чара көрүлүшү мүмкүн экенин 29-январда Financial Times басылмасы жазган. Макалада айтылгандай, Евробиримдик катаал чара көрүүгө даярдыгы жөнүндө документ иштелип чыккан.(RK)

XS
SM
MD
LG