Ырыс Жекшеналиевдин сотунда тараптар жарыш сөзгө чыкты

Ырыс Жекшеналиев.

1-февралда Бишкек шаардык сотунда активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча тараптардын жарыш сөзү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” активисттин адвокаты Кантемир Турдалиев билдирип, кийинки соттук отурум 7-февралга дайындалганын, анда Ырыс Жекшеналиевге акыркы сөз берилерин айтты.

2023-жылы 4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган.

Прокуратура райондук соттун активистти актаган чечимине каршы 8-январда Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.

Жекшеналиев 2022-жылы августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

21 жаштагы Жекшеналиев жана анын адвокаты коюлган киненин баарын четке каккан. (BTo)

Дагы караңыз

Камчы Көлбаевдин кудасы эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулдуАзык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдардын аткарылышын депутаттык комиссия иликтейтКытайдын Кыргызстандагы элчилигинин машинелери жол кырсыгына кабылдыЗулушев Коргоо министрлигиндеги коррупция тууралуу айтты, министрлик четке кактыBloomberg: Украинада ок-дары жетишпей жатат 24.kg агенттигинин жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылды