Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдардын аткарылышын депутаттык комиссия иликтейт


Жогорку Кеңештин президент катышкан жыйындарынын бири. Архив
Жогорку Кеңештин президент катышкан жыйындарынын бири. Архив

Жогорку Кеңеште азык-түлүк коопсуздугу боюнча кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын иликтей турган депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына парламенттеги бардык фракциядан бирден депутат кирди. Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу, көрүлүп жаткан чараларды карап чыгуу үчүн комиссия түзүүнү "Ынтымак" фракциясынан депутат Талант Мамытов сунуштаган.

"Дүйнө коомчулугунда аскердик жаатында араздашуу, тирешүү болуп жатат. Ошого жараша дүйнөдөгү чыңалуулар күч алып жатат. кээ бир мамлекеттер өзүнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча аракеттерин карап чыгып, чара көрүп жатат. Муну Интернет жана маалымат каражаттары аркылуу көрүп эле турабыз. Ошондуктан биздин фракция ушул багыттагы мыйзамдардын аткарылышын караган комиссия түзүп, кандай иштер жүрүп жатат, кемчилигин толуктап, каражат маселеси болсо аны карап, маселени талкуулайлы деп сунуштап жатабыз", - дейт Мамытов.

Муну менен катар айрым депутаттар жазгы талаа иштерине даярдыкты, дыйкандарга берилчү жеңилдетилген насыяга байланыштуу маселелерди да талкуулап алууну сунушташты.

1-февралда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште маалымат берүүдө.

Былтыр күзүндө Министрлер кабинети буудай жана унду өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алган. Токтом долбоорунда алты айлык мөөнөткө тыюу салуу жазылган. Айыл чарба министрлиги чечим өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG