Кыргызстан соттолгон жарандарды өткөрүп берүү боюнча конвенцияга кошулду

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга кошуу боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 31-январда жарыяланды.

Жогорку Кеңеш былтыр 20-декабрда кабыл алган мыйзамда Кыргызстан менен Европа Кеңешине жана конвенцияга мүчө мамлекеттердин ортосунда соттолгон жарандарды өткөрүп берүү каралган.

Конвенцияга ылайык, соттолгон адам өз өлкөсүнө гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Ошондой эле ага кирген мамлекеттер өзүнүн мыйзамдарына карап ырайым кылат, мунапыс берет жана жазаны жеңилдетет. Өкүм чыгарган мамлекет гана соттун чечимин кароо жөнүндө кандайдыр бир өтүнүчтү карап, чечим кабыл алууга укуктуу.

“Конвенциянын максаты жазык укугу жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат, ал соттолгон адамдардын адилеттүүлүгүнө жана социалдык реабилитациясына жетишүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш”, - деп айтылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча иштерди Башкы прокуратура алып барат.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына таянып, ушул тапта чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 1452 жараны абактарда жазасын өтөп жатканын билдирди. Алардын 1167си Орусиянын абактарында.

Дагы караңыз

Пакистанда Имран Ханга жаңы айып тагылып, аялы экөө 14 жылга соттолдуИзраил армиясы Газадагы туннелдерге суу коё бердиАкун президент менен жолугуп, Кемпир-Абад иши, Мадумаров боюнча маселе көтөргөнүн айттыБир жыл бою алимент төлөбөгөн ата-энелерди абакка кесүү сунушталды