Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Акун президент менен жолугуп, Кемпир-Абад иши, Мадумаров боюнча маселе көтөргөнүн айтты


Турсунбек Акун жана президент Садыр Жапаров. Фото архивден.
Турсунбек Акун жана президент Садыр Жапаров. Фото архивден.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 26-январда президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа кызматкерлерин жапырт камоо, адам укуктары боюнча маселелерди көтөргөнүн билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” курган маегинде айтып, Адахан Мадумаровдун соту, Кемпир-Абад иши жөнүндө да сөз болгонун кабарлады.

“Ал киши баарын билет экен, жолугушуу маалында ал көбүрөөк сүйлөдү окшойт. Ошол эле Адахан Мадумаров жөнүндө 20 мүнөт, жарым сааттай сүйлөдү окшойт. Мен “камоолор болуп жатат, Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды бошотуп коюш керек, куугунтукка окшоп калып жатпайбы. Булардын эч бир күнөөсү жок, алар өз пикирин билдирди” дедим. “Урматтуу президент, Камчыбек Кыдыршаевич экөөңөр Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерди берүүнү колдодуңар, тигилер ага каршы пикирин айтты, эми силер жеңдиңер, кимдин ою туура, кимдики туура эмес экенин тарых, анан мезгил таразалайт, эми камактагыларды бошотуш керек” деген пикиримди айттым. Президент “алардын сүйлөшүүсүн укпадыкпы, он миңдеген адамды көчөгө чыгарабыз дешпедиби” дейт”.

Турсунбек Акун мамлекет башчы Садыр Жапаров менен эки сааттай баарлашканын кошумчалады.

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров Турсунбек Акунду кабыл алганы жана кайсы маселелерди талкуулаганы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров “Мамлекеттик чыккынчылык” жана “Алдамчылык” беренелери менен шек саналып, 2023-жылдын сентябрь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жатат.

Ал эми Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG