Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Пакистанда Имран Ханга жаңы айып тагылып, аялы экөө 14 жылга соттолду


Имран Хан жана Бушра Хан. 2023-жылдын май айы.
Имран Хан жана Бушра Хан. 2023-жылдын май айы.

Пакистанда мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга жаңы айып тагылып, бүгүн 31-январда ал өзү жана аялы Бушра Хан 14 жылга эркинен ажыратылышты. Былтыр августта жемкорлук үчүн үч жылга кесилип, азыр камакта отурган Имран Ханга кечээ 30-январда «мамлекеттик купуя сырды ачыктаган» деген айып менен 10 жыл жаза мөөнөтү да чегерилген.

Хандын Pakistan Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясынын маалыматына караганда, сот отуруму Исламабадда өттү. Коррупцияга каршы сот саясатчыны жана анын жубайын өкмөттү жетектеп турган 2018-2022-жылдары мамлекеттик белектерди 140 миллион рупийге (501 миң доллар) мыйзамсыз сатышкан деп айыптады.

14 жылдык жаза мөөнөтүнөн тышкары саясатчыга андан кийин 10 жыл бою мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салынды.

Бушра Хан өкүм чыгар замат камакка алынганы, ага айып Пакистандын коррупцияга каршы агенттиги жана Улуттук эсеп бюросу жүргүзгөн иликтөөдөн кийин коюлганы маалымдалды.

Парламент ишенбөөчүлүк жарыялап, 2022-жылы апрелде өкмөт башчылык кызматтан кеткен Хан 8-февралда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген, бирок бул укугунан ажыратылган.

30-январда сот Хан 2022-жылы кызматан алынгандан кийинки аны колдогон митингдердин биринде конфиденциалдык деп эсептелген дипломатиялык документти эл алдына алып чыгып, ачык көрсөткөнү мыйзам бузуу болгон деген тыянакка келген. Ошол митингде Хан аталган документти анын кызматтан алынышын Пакистандын Куралдуу күчтөрү Кошмо Штаттар менен бирге уюштуруп, ишке ашырышканынын далили деп атаган.

АКШ да, Пакистан да мындай айыптоону четке кагышкан.

Шайлоого катышууга тыюу салынганына карабастан мурдагы крикет жылдызы, 71 жаштагы Хан өзү жана анын партиясы Пакистанда эл арасында чоң колдоого ээ.

Алдыдагы шайлоодогу негизги атаандаштар деп Pakistan Tehreek-e-Insaf жана өлкөнүн дагы бир мурдагы премьер-министри, Хандын көптөн берки саясий атаандашы Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясы аталууда.

Наваз Шарифке да бир катар кылмыш иши козголгон. Төрт жыл чет жакта жүрүп, ал былтыр 21-октябрда мекенине кайтып барган жана шайлоо өнөктүгүн баштаган.

241 миллион калкы бар Пакистан элинин жашоо деңгээли төмөндөп, оор экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG