Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Бир жыл бою алимент төлөбөгөн ата-энелерди абакка кесүү сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги алимент төлөбөгөн жарандарга карата жазаны күчөтүп, үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштап жатат. Бул мыйзам долбоору 31-январда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралууда. Мыйзам долбоору тууралуу баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова бул документ Конституциялык соттун алименттен качкан ата-энелерге карата чараны күчөтүү боюнча чечимин ишке ашыруу үчүн даярдалганын билдирди.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда алимент бир жылдан ашык убакыттан бери төлөнбөй калса, алгач 20-50 миң сомго чейин айып салууга же 40-100 саатка чейин коомдук иштерге, эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартылат. Бул кылмыш кайталана турган болсо, бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу, 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу сунушталууда.

Депутат Аида Исатбек кызы алимент төлөбөгөндөргө чараларды күчөтүү оң жыйынтык бербей турганын билдирди.

“Биз ишке ашпай жатканын көрүп жатабыз. Соттун чечими менен атасы баласына үч миң сомдон төлөп бериши керек болот. Сот аткаруучу бул иштин аткарылып-аткарылбаганын текшерет. Азыркы күнү канчалаган жалгыз бой энелер алимент өндүрө албай жүрүшөт”, - деди Исатбек кызы.

Министрдин орун басары мыйзам долбоору Конституциялык соттун чечимин аткаруу үчүн даярдалганын, Юстиция министрлиги быйыл алимент тармагындагы көйгөйлөр боюнча комплекстүү карап чыгып, сунуш даярдай турганын билдирди.

Депутат Дастанбек Жумабеков бул долбоордогу чараларды “аша чапкандык” деп баалап, алимент төлөбөгөнү үчүн жарандарды абакка кесүү кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн деген ойдо. Ал мындай жарандарды уяткаруу, банктардан насыя, айдоочулук күбөлүк алуусуна тыюу салуу сыяктуу чараларды көрүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Аскарова кийинки окууга депутаттардын сунушу эске алынып, өзгөрүүлөр кирерин белгиледи.

Сот департаментинин 2023-жылы апрелдеги маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынган. 2022-жылдын жыйынтыгында төлөнбөгөн карыздар 22 миллиард сомдон ашкан.

XS
SM
MD
LG