Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Израил армиясы Газадагы туннелдерге суу коё берди


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган ХАМАС Газа тилкесинде атышууну токтотуу тууралуу жаңы сунушту караштырып жаткан чакта Израил чабуулдарын бүгүн 31-январда да улантты. Reuters маалымат агенттиги билдиргендей, израилдик аскерлер Газанын түндүк жана түштүк аймагын бутага алды.

Израил ортомчулардын Газадагы атышууну токтотуу тууралуу жаңы сунушуна макулдугун билдирип жатканы, ХАМАСтын лидерлери аны Катарга барып талкуулай турганы 30-январда маалым болгон.

Бул сунуш, серепчилердин баамында, согуш башталгандан берки эң олуттуу тынчтык демилеси болууда. Ал үч этаптан турат, алгачкысында ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктердин арасынан жайкын тургундарды бошотууга милдеттүү болот.

Ага чейин ХАМАСтын лидерлери Израилдин чабуулдары убактылуу эмес, таптакыр токтошун талап кылып жатышкан.

Ал эми Израил ХАМАСты толук жок кылмайынча токтобой турганын билдирген.

Израил Газада ХАМАСтын согушкерлери колдонуп келген туннелдерге суу каптатып жатканы да белгилүү болду. Муну ал «ХАМАСтын жер алдындагы түйүндөрү жаратуучу коркунучту жок кылуу» деп түшүндүрдү.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 киши хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG