Кемпир-Абад иши боюнча сот 14-февралга жылдырылды

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй-камагында.

31-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян болгон жок. Ага бул иш боюнча шек саналып аткан саясатчы Бектур Асановдун Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде жатканы жана үй камагындагы эки адамдын ооруп калганы негиз болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кылмыш ишине байланыштуу шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. Кийинки соттук отурум 14-февралга дайындалды.

15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалган Бектур Асанов ушул тапта №31 дарылоо мекемесинде дарыланууда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 12 киши тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Дагы караңыз

Быйыл Кыргызстанда 50 адамдын бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат Аба ырайы: көпчүлүк аймакта кар жаайт "Азаттыктын" казак кызматы кабарчыларды каттоо маселеси боюнча сотко кайрылдыКыйноолорду алдын алуу борбору абактагы журналисттерден кабар алдыАКШнын үч аскеринин өлүмүнө шектелип жаткан топ чабуулдарын токтоторун билдирдиСтатком: миграцияга кеткендердин көбү Баткен, Жалал-Абад, Таласка туура келет30-январь: Мадумаровдун соту, эки комитет ЖМК долбоорун колдоду, Газа боюнча жаңы сунушЗулушев кылмыштуу топко тиешеси бар бир тергөөчү иштен алынганын билдирдиСейфтен алынган акча боюнча кармалган прокуратуранын бөлүм башчысы үй камагына чыктыЗулушев Көлбаевдин өлтүрүлүшүндө мыйзам бузуу аныкталбаганын айтты