Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Быйыл Кыргызстанда 50 адамдын бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат


Эне жана баланы коргоо улуттук борбору.
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору.

1-февралда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 22 жаштагы кызга бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. 31-январда саламаттык сактоо министри бул жайдагы операцияга даярдык менен таанышканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Операция жасала турган кызга өзүнүн атасы бөйрөгүн берет, бул үчүн керектүү текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Министр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров кол койгон “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” мыйзамында органдарды алмаштыруунун жол-жоболору өзгөрүп, өз органын берүүгө донор боло ала турган адамдардын тизмеси кеңейгенин билдирди.

Министрлер кабинети гемодиализ алып жүргөн 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу үчүн каражат бөлгөн. Бул үчүн акысыз операция жасала турган жарандарды тандай турган комиссия түзүлгөн.

“Бүгүнкү күндө республика боюнча 2654 бейтап мамлекеттик программа аркылуу гемодиализ алып жатат. Гемодиализ үчүн 2024-жылга мамлекеттик бюджеттен 2 млрд. 400 млн. сом бөлүнгөн”, - деп жазылган маалыматта.

Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаковдун маалыматына ылайык, аталган борбордо бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жасалып келет. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 44 операция жасалган.

Былтыр август айынан тарта Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында адамдын ички органдарын алмаштыруу операциялары жасала баштаган.

XS
SM
MD
LG