Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Зулушев Көлбаевдин өлтүрүлүшүндө мыйзам бузуу аныкталбаганын айтты


Кыргызстандын башкы прокурор Курманкул Зулушев. 31-январь, 2024-жыл.
Кыргызстандын башкы прокурор Курманкул Зулушев. 31-январь, 2024-жыл.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жүргүзгөн операцияда мыйзам бузуу аныкталбаганын айтты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын жетекчиси 31-январда прокуратура органдарынын өткөн жылдагы ишмердиги тууралуу Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирди.

“Президентибиз “эгер мыйзам бузуу аныкталса кылмыш ишин козгоп, карагыла” деп тапшырма берген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери козголгон кылмыш иши боюнча кармоо үчүн барышкан экен. “Каршылык көрсөтүп ошондон улам атышуу болду” дегендин мыйзамдуулугун карадык. Кылмыш ишти караштуулугу боюнча УКМКга өткөрүп бердик. Себеби, бизде азыр тергөө укугу жок. Эгерде УКМКнын кызматкерлерине каршы иш болсо Аскер прокуратурасы тергейт. Андай факты аныкталган жок. Ошондуктан тергөөнү УКМК улантып жатат”.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат “Камчы Көлбаев УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөнүн, ага каршы жооп иретинде ок атылып каза болгонун” билдирген.

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров 16-октябрда улуттук “Кабар” улуттук агенттигине маек берип, Камчы Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG