Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Аба ырайы: көпчүлүк аймакта кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Таластын көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда кар жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан
соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1 градус;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, ал эми күндүз -7...-12;.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25...-30, күндүз -8...-13° градус суук.

Бишкек шаарында тункүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кар жаашы ыктымал. Түнкүсүн жана күндүз туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG