Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Статком: миграцияга кеткендердин көбү Баткен, Жалал-Абад, Таласка туура келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан калкынын 1 млн 94 миңдейи өлкөдө убактылуу жашабайт. Ал эми башка өлкөгө чыгып кеткендердин 27 пайыздан ашууну жумушка жарамдуу жарандар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин калктын миграциясы жөнүндө статистикалык маалыматтарды камтыган алгачкы басылмасында белгиленген. Басылма Эл аралык Миграция Уюмунун (ЭМБ) долбоорунун колдоосу менен 2022-жылдагы эл жана турак жай каттоонун жыйынтыгындагы малыматтар менен даярдалган.

Убактылуу өлкөдө жашабагандардын же миграцияда жүргөндөрдүн саны боюнча Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустары алдыда турат. Өлкөдө туруктуу жашабагандардын 22 пайыздан көбү Баткенге туура келет. Ал эми бул аймактан миграция кеткендердин 42,1% ишке жарамдуу жарандар.

Талас менен Жалал-Абаддагы сандар дагы ушуга жакын. Чүй облусунан кеткендер эң аз деп (10%) көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын калкынын саны 2022-жылы октябрда 7 миллион адамга жеткен. Эмгек мигранттарынын саны өлкөнүн жалпы туруктуу калкынын болжол менен 16 пайызын жана эмгекке жарамдуу калктын дээрлик 28 пайызын түзөрүн көрсөткөн.

Статком Кыргызстанда туруктуу жашабай жаткан жарандардын себептерин дагы белгилеген. Негизги бөлүгү жумуш издеп башка өлкөгө чыгып кетсе, окууга, үй-бүлөлүк шартка жана башка себептер менен кетишкен.

Тышкы иштер министрлигинин 2023-жылдын соңундагы маалыматына караганда, Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны акыркы 1-2 жылда дээрлик 200 миңге жакын кыскарган. Ал эми миграциялык каттоого тургандардын саны 60% азайган. Учурда бул өлкөдө иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктардын саны 400 миңдин тегерегинде экенин, жалпы 800 миңдей жаран миграцияда жүрөт.

Соңку жылдары кыргызстандык мигранттардын көбү АКШ, Европа жана Азия өлкөлөрүнө барууга умтулууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG