Кулаган тик учак боюнча кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергеп жатат

Кыйраган Ми-8МТВ тик учагы. Бишкек. 17-январь, 2024-жыл.

Бишкектин четинде кулаган Ми-8 тик учагы боюнча кылмыш иши Аскер прокуратурасында тергелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Сирожиддин Камолидинов "Азаттыкка" билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 401-беренесинин 3-бөлүгү ("Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин бузуу)" менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө уланууда.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы Жайыл Самудинов каза тапкан.

Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.(ZKo)

Дагы караңыз

УКМК Ала-Букада эл аралык маңзат каналына бөгөт коюлганын билдирди Сот Украинадагы согушка катышкан жаранды пробация менен бошоттуReuters: Израил менен ХАМАС атышууну 30 күнгө токтотууну макулдаштыОрусия украиналык 65 туткунду ташып бараткан учак кырсыкка кабылганын билдирди24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды УКМК 24.kg агенттигинин мүлкүн камактан чыгаруу өтүнүчүн четке какты