Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Сот Украинадагы согушка катышкан жаранды пробация менен бошотту


Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024.
Аскар Кубанычбек уулу сот залында. 24-январь, 2024.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен соттолгон Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошотту. Отурум 24-январда болду.

Кубанычбек уулу акыркы сөзүндө ага Орусиянын жарандыгы берилсе, ала турганын, бул үчүн документтерин тапшырганын айтты. Ал ошондой эле Украинада "гуманитардык жардам жеткирүүгө гана жардам бергенин, буга өкүнбөй турганын" кошумчалады.

Былтыр 30-августта Кыргызстандын Жогорку Соту Кубанычбек уулу боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароого жөнөткөн.

Ага чейин былтыр 16-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга соттогон.

Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны 2022-жылы июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы жазылган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси “Жалданмачылык” менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов Аскар Кубанычбек уулун бошотуу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрыларын жарыялаган.

Ушундан кийин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ага орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Былтыр 7-декабрда Нарын облустук соту “Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга абакка кескен. Нарын шаардык соту да андан мурда ушундай эле өкүм чыгарган.

Бекназар Бөрүгул уулунун жакындары ал аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сурашкан.

Кыргызстандын укук коргоо органдары эгер кыргыз жарандары чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет. (KS/TAb)

XS
SM
MD
LG