Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Reuters: Израил менен ХАМАС атышууну 30 күнгө токтотууну макулдашты


Газа сектору.
Газа сектору.

Израил жана ХАМАС тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) атышууну 30 күнгө токтотуп, Израилде камакта жаткан палестиналыктарды жана Газада барымтада турган израилдиктерди бошотуу тууралуу баштапкы макулдашууга келишкенин бүгүн 24-январда өз булактарына таянып Reuters агенттиги маалымдады.

Бирок атышууну таптакыр токтотуунун шарттары боюнча маселеде мунаса табылбай жатканы белгиленди.

Сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып жаткан Египеттин коопсуздук кызматындагы булактардын айтымында, ХАМАС убактылуу тыныгууга жана барымтадагыларды бошотууга макул болор алдында атышууну таптакыр токтотуу кепилдигин талап кылууда.

Израил жана ортомчу өлкөлөр – АКШ, Египет жана Катар – барымтадагыларды бара-бара бошотуу шарттарын талкуулап, cүйлөшүүлөрдү этап-этабы менен жүргүзүүгө умтулууда.

Израил Reuters агенттигинин маалыматына расмий комментарий бере элек. Бир нече булактын билдиришинче, израилдиктер ХАМАСты таптакыр жок кылмайынча согушту токтотуу маселесин талкуулабай турганын айтууда.

Азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрдагы Израилдеги кандуу окуя себеп болгон. Ал күнү ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG