Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

УКМК Ала-Букада эл аралык маңзат каналына бөгөт коюлганын билдирди


Ала-Букадагы жарандын үйүнөн табылган маңзат. 23-январь, 2024-жыл. УКМК тараткан сүрөт.
Ала-Букадагы жарандын үйүнөн табылган маңзат. 23-январь, 2024-жыл. УКМК тараткан сүрөт.

22-январда Алабука районунун Сафед-Булан айылынын тургуну маңзатка байланыштуу кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, "ал чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашкан үйүн баңги затты Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга ташуу жана өткөрүү үчүн база катары колдонуп келгени аныкталган".

Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында желим баштыкка скотч менен оролгон, жалпы салмагы 2 кг 166 граммды түзгөн эки таңгак маңзат табылган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул маңзат каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды. Шектүү тараптын адвокаттары комментарий бере элек.

19-декабрда УКМК Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Чек ара кызматынын сегиз кызматкерин жана беш жергиликтүү тургунду аткезчилик кылган жана көмөктөшкөн деген шек менен кармаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG