Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо менен 9 миңден ашуун адам кайрылды

Иллюстрациялык сүрөт.

15-21-январь күндөрү өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелерине сасык тумоого чалдыгып 9 295 адам кайрылды. Алардын 67,1 пайызы жаш балдар. Ошондой эле беш киши COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталды, баары Бишкек шаарынын тургундары. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти 23-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч мурдагы аптага салыштырмалуу 8,1 пайызга азайды.

Сасык тумоологондордун басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй облусу жана Ош облусунда катталды.

Департаменттин маалымдашынча, бардык саламаттык сактоо мекемемелеринде беткап жана карантин режими сакталууда.

Кыргызстанда сасык тумоо ноябрь-декабрь айларынан бери күчөп, ооруканаларга кайрылган бейтаптардын саны өскөн. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында бейтаптардын агымын тескөө максатында 8 мобилдик госпитал орнотулганын кабарлаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Жер титирөөнүн күчү 6 балл болгон "Кумтөрдө" иш кадимки тартипте уланып жататӨКМ: Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жокЖер титирөө Өзбекстанда да катталды Алматыда жер титирөөдө кеминде сегиз адам жабыркадыApple Орусияга 1,2 млрд рубл айыппул төлөдү