Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:07

Алматыда жер титирөөдө кеминде сегиз адам жабыркады


Алматы шаарынын тургундарынын көбү жер титирөөдөн кийин сыртта турушат.
Алматы шаарынын тургундарынын көбү жер титирөөдөн кийин сыртта турушат.

23-январга караган түнү болгон силкинүүдөн Алматы шаарында сегиз киши түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Алматы шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы маалымдагандай, үч адам силкинүү учурунда 2-3-кабаттан секиришкен. Алардын экөөнүн абалы жакшы, тез жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилген. “Үчүнчү бейтаптын абалы оор болгондуктан, ооруканага жаткырылды”, деп жазылган маалыматта.

Дагы беш адам жер титирегенде үйдөн сыртка чуркап баратып, жаракат алышкан. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алардын баары үйлөрүнө жиберилген.

23-январга караган түнү, саат 00:09да болгон жер титирөөнүн очогу Кыргызстан-Кытай чек арасына жакын, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында болгону, күчү 7 баллга жеткени кабарланды.

Термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чимкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Ошондой эле Астанада шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Жер титирөө Кыргызстандын да бир нече облусунда байкалды. Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

XS
SM
MD
LG