Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Жер титирөө Өзбекстанда да катталды


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Очогу кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде болгон жер титирөөнүн күчү Өзбекстанда да сезилди. Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө күчү 3-4 баллдык жер титирөө катталганын өлкөнүн Сейсмология кызматы маалымдады. Ага ылайык, силкинүүнүн күчү Анжиян, Фергана, Наманган облустарында 3-4 балл, ал эми Ташкент шаарында 3 баллды түздү.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан-Кытай чек арасына жакын, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында болгону, күчү 7 баллга жеткени кабарланды.

Силкинүү Кыргызстанда, Казакстанда да катталып, Алматы шаарында күчү 5 баллга жетти. Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

XS
SM
MD
LG