Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:29

Жер титирөөнүн күчү 6 балл болгон "Кумтөрдө" иш кадимки тартипте уланып жатат


Кумтөр ишканасы жайгашкан аймакта силкинүүнүн күчү 6 баллды түздү. (архивдик сүрөт)
Кумтөр ишканасы жайгашкан аймакта силкинүүнүн күчү 6 баллды түздү. (архивдик сүрөт)

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы 23-январга караган түндө катталган жер титирөөдөн кийин, Кумтөр кенинде абал туруктуу экенин маалымдап, компания адаттагыдай иштеп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө учурунда "Кумтөр" ишканасынын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежесине ылайык иш алып барышкан.

"Кенде жабыркагандар жана кыйроолор жок. Азыркы учурда кен кадимки, штаттык режимде иштеп жатат", деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-январда саат 8:00ге карай берген маалыматында түндө саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын жазды.

Силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл жектен. Ал эми Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 балл болгону кабарлады.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

Жер титирөө Кыргызстандын аймагында, айрыкча Ысык-Көл облусунда, Бишкек шаарында катуу сезилген. Көпчүлүк тургундар силкинүүнүн кайталануусунан кооптонуп, короолорго, ачык жактарга чыгып турушканы, кабат үйлөрдө жашагандар жер тамда жашаган туугандарынын үйлөрүндө түнөшкөнү соцтармактарда жазылды.

Жердин силкинүүсү Казакстанда, Өзбекстанда да сезилип, Алматы шаарында күчү 5 баллга, Ташкентте 3-4 баллга жеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG