Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

ӨКМ: Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок


Силкинүүдөн коркуп, үйлөрүнөн сыртка качып чыккандар. Бишкек. 23-январь, 2024-жыл.
Силкинүүдөн коркуп, үйлөрүнөн сыртка качып чыккандар. Бишкек. 23-январь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-январга караган түнү саат 00:09да катталган жер силкинүүдөн, баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы жер-жерлерде ӨКМдин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.

Түндөгү силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жоктугун президенттик администрациянын маалымат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков да билдирди. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Кыргызстандын ӨКМ 23-январда саат 8:00ге берген маалыматында түндө саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталганын жазды. Маалыматта силкинүү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, ал эми Бишкек шаарында 3 баллга жеткени кабарланды.

Жер титирөө айрыкча Ысык-Көл облусунда, Бишкек шаарында катуу сезилген.

Көпчүлүк тургундар, кабат үйлөрдө жашагандар силкинүүнүн кайталануусунан кооптонуп, короолорго, ачык жактарга чыгып турушканы, кабат үйлөрдөгү жашагандар жер тамда жашаган туугандарынын үйлөрүндө түнөшкөнү соцтармактарда жазылды.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан-Кытай чек арасына жакын, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун Аксуу ооданында болгону, күчү 7 баллга жеткени кабарланды.

Силкинүү Казакстанда, Өзбекстанда да сезилип, Алматы шаарында күчү 5 баллга, Ташкентте 3-4 баллга жеткени айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG