Екатеринбург: Полициянын кодулоосуна туш болгондордун арасында кыргызстандыктар бар

Мигранттардын кодуланганы тартылган видеодон алынды. Январь, 2024-жыл

Орусиянын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Екатеринбургда 17-январдагы рейддик иш-чара маалында мигранттарды казча бастырууга мажбурлаганы териштирилүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургдагы Башкы консулдукка таянып тараткан маалыматка караганда, мындай кодулоого туш болгондор арасында үч кыргызстандык болгон.

Орусиянын бул шаарындагы үч курулуш объектисинде жалпысынан 150 чет өлкөлүктүн документтери текшерилген, анын кыркы кыргызстандыктар экени аныкталган. ТИМдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын жарандарынын арасында Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандар болгон эмес. Ошондон улам аларды орус жергесинен чыгаруу чечимдери кабыл алынган жок.

Мекеме интернетте тараган видеонун чоо-жайын тактаганда, кыргызстандык жарандар текшерүү маалында мигранттар укук коргоо органдарынан качууга аракеттенгенин, полиция аларды кармап, кодулаганын айтып беришкен.

Министрлик Кыргызстандын жарандары полиция кызматкерлерине каршы арыз жазуудан баш тартканын кошумчалады.

"Екатеринбургдагы башкы консулдук мигранттарды кемсинткен мындай жоруктун мыйзамдуулугун текшерүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Дипломаттар Свердлов облусунун адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова менен байланышканда, ал укук коргоо органдарынын бул жоругу боюнча биргелешип иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Орусиянын укук коргоо органдары Екатеринбургда мигранттар арасында текшерүү жүргүзүлүп, алардын аскерге милдеттүүлүгү аныкталганын, айрымдарына согушка чакыруу кагаздары тапшырылганын маалымдашты.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салгандан кийин бул мамлекетте эмгектенип, жашап жүргөн түбү чет өлкөлүк, бирок Орусиянын жарандыгын алгандарды согушка жапырт тартуу күчөгөн.

Дагы караңыз

24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды Туманбаев "Аврора Грин" коттеждери мамлекетке өткөнүн билдирдиАзия Кубогу: Таркович Сауд Арабия менен болчу оюнда коргонууга көңүл бурарын айттыАламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши убактылуу токтотулдуКыргыз-казак чек арасында тамекини мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталдыЧелябинск: базарда чыккан өрттө эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кеткенБаткен: бир жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 327 учур катталдыЭстония, Латвия жана Литва Орусия менен чек арасына "коргонуу аймагын" курууну макулдашты