Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Эстония, Латвия жана Литва Орусия менен чек арасына "коргонуу аймагын" курууну макулдашты


"Эстония, Латвия жана Литванын коргоо министрлери Орусия менен чек арада "коргонуу аймагын" түзүү тууралуу макулдашты", - деп жазды Postimees басылмасы. Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур "Балтика коргонуу аймагы" - бул "коопсуздук кырдаалынан келип чыккан, кылдат ойлонулган долбоор" экенин билдирди.

"Орусиянын Украинадагы согушу Эстонияны коргоо үчүн бизге техника, ок-дары жана адам күчү гана эмес, биринчи метрден тартып эле чек арадагы коргонуу түзүмдөрү керек экенин көрсөттү" - деди Ханно Певкур.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин вице-канцлери Кайдо Тийтустун белгилешинче, Эстония Орусия менен чек арага ар бири 10 кишиге эсептелген 600 бетон бункери бар коргонуу линиясын курат. Коргонуу курулуштарынын көбү Ида-Виру округуна жана Эстониянын түштүк-чыгышына салынат, айрымдары Чуд көлүнүн жанына да жайгашат. Бул тууралуу аталган басылма жазды.

Эстониянын Улуттук телерадиокомпаниясынын маалыматы боюнча, эстон-орус чек арасына жакын жерде бункерлердин курулушу 2025-жылдын башында башталат. Бул үчүн Эстониянын бийликтери курулушту жер ээлери менен макулдашуусу керек. Анткени коргонуу линиясынын басымдуу бөлүгү жеке менчик жерлерге туура келет.

Балтика өлкөлөрү Орусия менен чек арада коргонуу түзүмдөрүнүн тармагын куруудан тышкары, коргонуу үчүн америкалык HIMARS ракеталык системаларын биргелешип колдонуу жөнүндө декларацияга кол коюшту.

"Орусия Эстониянын коопсуздугу үчүн чоң коркунуч болгон жана болуп келет. Украинадагы согуш Орусиянын чабуулчу күчүн азайтты, бирок, ар кандай эсептөөлөр боюнча, аны эки-үч жылдын ичинде калыбына келтирүүгө даяр. Биз даяр болуп, Орусия үчүн Эстонияга жасалган чабуулдун баасын мүмкүн болушунча жогорулатышыбыз керек”, - деди Тийитус.

Орусиянын Украинага басып кириши Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө аскерий чыгымдардын кескин көбөйүшүнө алып келди. Стокгольмдогу Эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун маалыматы боюнча, Балтика өлкөлөрү коргонуу чыгымдарын пайыздык эсеп менен эң көп көбөйткөн. Акчалай алганда, Литванын, Эстониянын жана Латвиянын коргонуу чыгымдары бүгүнкү күндө 1,8 миллиард еврону, 1 миллиард еврону жана 970 миллион еврону түзөт.

Балтика өлкөлөрүндөгү чыгымдардын өсүшүн түшүндүрүү оңой: алар согушуп жаткан Орусия жана аны колдогон Беларус менен чектешет жана мурда СССРдин баскынчылыгынан жана оккупациясынан жапа чеккен.

XS
SM
MD
LG