Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Азия Кубогу: Таркович Сауд Арабия менен болчу оюнда коргонууга көңүл бурарын айтты


Штефан Таркович.
Штефан Таркович.

21-январда Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан Сауд Арабия курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча 23:30 башталат. Мунун алдында эки команданын башкы машыктыруучулары маалымат жыйын курду. Кыргызстандын футбол бонча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович "эртеңки оюнда коргонууга көңүл бурушубуз керек" деди, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

"Сауд Арабия курамасы Азиядагы алдыңкы команданын бири. Алар муну дүйнө чемпионатында көрсөтө алышты. Биз өтө күчтүү курама менен беттешебиз. Ооба, биринчи беттеште жеңилдик. Бирок азырынча биз бул жердебиз жана тайпадан чыгуу үчүн күрөштү улантып жатабыз. Биз Сауд Арабиянын Оман курама командасы менен болгон оюнун анализдеп көрдүк. Сауд Арабия беттеште үстөмдүк кылып, түрдүү чабуулдарды колдонгонду жакшы көрөт. Мындан улам биз коргонууга жакшы көңүл бурушубуз зарыл. Бирок ошол эле учурда чабуулсуз да жеңишке жете албайбыз. Андыктан алдыдагы оюнда балансты сакташыбыз керек. Жеңебиз деп ишиничтүү айта албайбыз. Бирок, жеңишке жетерибизге баарыбыз ишенишибиз керек. Анткени бул мелдеште айрым курамалар өтө күчтүү команданы деле утууга мүмкүн экенин көрсөтүп жатышат", - деди Штефан Таркович.

Андан сырткары башкы машыктыруучу Таиланд менен болгон оюнду тыкыр анализдеп чыкканын, кемчиликтердин үстүндө иштеп жатканын айтты.

Кыргызстан Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунда F тайпасында Таиланд, Сауд Арабия жана Оман менен ойноп жатат.

Биринчи беттеште Кыргызстан Таиланд курамасына 2:0 эсебинде жеңилди. Катарлаш беттеште Сауд Арабия Оман курамасын жеңген. Учурда тайпада Сауд Арабия менен Таиланд үчтөн упайы менен биринчи, экинчи орундарды ээлеп турушат.

Кыргызстандын үч атаандашынын ичинен эң күчтүүсү Сауд Арабиясы. Бул команда 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатында ойноп, алгачкы беттешинде Месси баштаган Аргентинаны жеңип алган. Мындан тышкары Польша, Мексика менен да беттешип, жакшы эле тажрыйба топтошту. Акыркы жылдары аталган өлкөнүн ички чемпионатында Роналду, Неймар, Карим Бензема баштаган дүйнө жылдыздары ойноп жатышат.

Учурда Сауд Арабиянын курама командасы FIFA рейтингинде 56-орунда турат. Бул команданы өткөн жылдын август айынан бери италиялык Роберто Манчини машыктырууда.

Азия Кубогу үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Учурда Катар, Иран, Ирак жана Австралия курамасы тайпада эки беттеште тең жеңип, алты упай менен мөөнөтүнөн мурда кийинки баскычка жолдомо алышты.(GT)

XS
SM
MD
LG