Челябинск: базарда чыккан өрттө эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кеткен

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Челябинск шаарындагы "Восточный город" базарында 19-январда чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди. Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен Кыргызстандын эки жаранынын соода түйүндөрү күйүп кеткен. Тиешелүү шаардык кызматтар өрттүн себебин тактап жатышат.

Маалыматта Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы менен байланышта болуп жатканы белгиленген.

Жергиликтүү маалымат каражаттар "Восточный город" базарында ири өрт чыкканын, аны өчүрүүгө 2,5 сааттай убакыт кеткенин жазышты. Алдын ала маалыматтар боюнча 1200 чарчы метр жер өрттөнүп кеткен. Өрттү өчүрүү 37 машина тартылган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги соңку эки жылда Орусиядагы кыргызстандыктардын саны 200 миңдей адамга кыскарганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

ЖИФ журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди токтотууга чакырдыАламүдүн капчыгайында жоголгон адамды 200дөй киши издеп жататОрусия чет өлкөдө жашаган жарандарына милдеттүү түрдө каттоо киргизетЕвробиримдик 2024-жылы Украина үчүн снаряд өндүрүшүн кыйла көбөйтөтУкраинада 42 миңден ашуун орус жоокери набыт болгону тастыкталды