Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Евробиримдик 2024-жылы Украина үчүн снаряд өндүрүшүн кыйла көбөйтөт


Евробиримдиктин ички рынок боюнча комиссары Тьерри Бретон.
Евробиримдиктин ички рынок боюнча комиссары Тьерри Бретон.

Евробиримдиктин ички рынок боюнча комиссары Тьерри Бретон биримдикке кирген өлкөлөрдүн ишканалары быйыл эң аз дегенде 1 миллион 300 миң артиллериялык снаряд чыгарууга жөндөмдүү экенин билдирди.

Бельгиянын француз тилдүү RTBF компаниясы Бретондун "биз жамааттык коопсуздугубузду сактоонун чечүүчү учуруна келип турабыз (...) Европа Украинаны бардык каражаттар менен колдошу керек жана мындан ары да колдоону улантат", - деп айтканын жазды.

Комиссар бул тууралуу Таллинде Эстониянын премьер-министри Кая Каллас менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Еврокомиссия өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу боюнча ишти улантат жана 2024-жылдын аягына чейин 1,3 – 1,4 миллионго чейин снаряд чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бретон келечекте, 2025-жылы снаряддарды чыгаруу көбөйө турганын айтты.

RTBF каналдын билдиришинче, Еврокомиссар маалыматтардын купуялуулугунан улам снаряд өндүрүшүнүн учурдагы көлөмүн атаган эмес.

Бретон Таллинде өткөн пресс-конференцияда Европада өндүрүлгөн снаряддардын көбүрөөк бөлүгүн Украинага берүү артыкчылыктуу милдет экенин белгиледи. RTBF кабарлагандай, Евробиримдиктин коргонуу өнөр жайынын алдында эки милдет бар: ал Украинага аскердик жардам көрсөтүү жана өзүнүн резервдерин калыбына келтирүү.

Еврокомиссардын айтымында, март же апрель айларында снаряддардын жылдык өндүрүшүн бир миллионго жеткирүү тууралуу мурда коюлган милдет аткарылат.

XS
SM
MD
LG