Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

ЖИФ журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди токтотууга чакырды


Камакка алынган журналист, эркин медиада иштеген кызматкерлер. Коллаж.
Камакка алынган журналист, эркин медиада иштеген кызматкерлер. Коллаж.

Кыргызстандагы Журналисттик иликтөөлөр фонду (ЖИФ) эки айга камакка алынган журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди токтоосуз токтотууга жана журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүн камсыздап берүүгө бийликти чакырды. Аталган фонд Кыргызстанда журналисттердин жапырт камалып, 24.kg маалыматтык агенттигинин кеңсесин тинтүүгө алып, кылмыш иштеринин козголушуна байланыштуу ачык кайрылуу жасады. Кайрылууда тинтүү жана сурак учурунда бардык камакка алынгандардын адвокаттар менен камсыз болбогону өзгөчө тынчсызданууну жаратары белгиленген.

"Өлкөнүн Конституциясына ылайык, ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө жана өз пикирин эркин билдирүүгө ажырагыс укугу бар. Журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүн эркин жүргүзө алышат. Кесиптик ишмердүүлүк менен алектенген журналисттерди кармоо улуттук мыйзамдарды жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди бузуу болуп саналат.
Мамлекетти өнүктүрүүнүн жана коомдун кызыкчылыктарын камсыз кылуунун негизги факторлорунун бири катары журналисттик иликтөөнүн маанисине көңүл буруу зарыл. Иликтөөчү журналисттер өлкөдөгү коррупция, бюрократия жана мыйзамсыз иштер тууралуу коомчулукка маанилүү маалыматтарды берип, коомдук байкоочу катары кызмат кылышат", - деп жазылган кайрылууда.

Аталган фонд журналисттик иликтөө мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыз кылып, коррупцияга каршы күрөштө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына олуттуу жардам көрсөтөрүн, мындай материалдар коомчулукта чоң резонанс жаратып, жарандар менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда зарыл диалогду камсыздай турганын белгилеген.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камалды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык тартипсиздиктер") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу") менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. Маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКга 17-январда да сурак берип чыгышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-январда мамлекет башчы “Кабар” агенттигине эки айга камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирип, аларды “адискөй эмес” деп сыпаттап, социалдык тармактар аркылуу “ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирчү маалыматтарды жарыялап келишкенин”белгиледи.

Президент Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа-коомчулукту жана көз карандысыз журналистиканы колдоо үчүн бөлүнгөн гранттык каражаттар “туура эмес багытта” колдонулуп жатканын айткан. Жапаров мындай маалыматтар кайсы булактан алынганын тактаган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG