Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:24

Орусия чет өлкөдө жашаган жарандарына милдеттүү түрдө каттоо киргизет


Орус өкмөтү 2024-2025-жылдарга мамлекеттик миграция саясатынын концепциясы боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Тактап айтканда чет өлкөдө жашаган орусиялык жарандар үчүн милдеттүү консулдук каттоону киргизүү, ал эми Орусияга келген чет элдиктер үчүн бирдиктүү биометрикалык системада санарип профилин түзүү каралган. Бул тууралуу "РИА Новости" жана РБК басылмасы билдирди.

"Чет элдиктердин санарип профилинде" паспорттогу эле эмес, биометрикалык маалыматтар дагы камтылышы керек. Мындан сырткары Москвадагы аэропорттордо чет элдик жарандарды "геномдук каттоого" алуу же ДНК материалдарын чогултуу, үнүн жаздыруу чаралары эксперимент катары жүргүзүлөт.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги жана Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 2024-жылдын март айына чейин Орусия мыйзамдарын бузган чет өлкөлүктөр үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча идеяларды сунушташы керек. Улуттук иштер боюнча федералдык агенттикке, Илим жана жогорку билим берүү министрлигине жана Агартуу министрлигине 2024-жылдын сентябрына чейин Орусияга эмгек мигранты катары кирген чет элдиктер үчүн типтүү адаптация курсун иштеп чыгуу тапшырылды.

Жарандары бирдиктүү электрондук виза ала турган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү пландалууда. Жашоого уруксаттын түрлөрүнүн тизмеси электрондук түрдө алынышы керек, ошондой эле жумуш жана студенттик визаларды да камтуу каралган.

Документте чет өлкөдө жашаган орусиялык жарандар үчүн консулдук каттоого туруу милдеттүү болоору белгиленген. "Орусиядан тышкары жерде туруктуу жашаган жаран" деген түшүнүк мыйзамдуу түрдө аныкталып, ошондой эле орусиялыктардын укуктук статусу такталат. Документте чет өлкөдө жашаган орусиялыктарды консулдук каттоого турууга милдеттендирген чаралар же механизмдер так көрсөтүлгөн эмес.

"Орусия Федерациясынын 2019-2025-жылдарга мамлекеттик миграциялык саясатынын концепциясы жөнүндө” жарлыкка өлкөнүн президент Владимир Путин 2018-жылы кол койгон. Ошондон бери орус өкмөтү аны ишке ашыруунун жаңы, такталган планын эки жылда бир кабыл алып келет.

XS
SM
MD
LG