Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Украинада 42 миңден ашуун орус жоокери набыт болгону тастыкталды


19-январга карата Украинадагы согушта набыт болгон 42 миң 284 орус жоокердин тек-жайы такталды. Жоготууларды Би-Би-Синин орус кызматынын журналисттери менен "Медиазона" басылмасы ыктыярчылардын жардамы менен тактап чыккан. 29-декабрда жарыяланган тизмеге дагы 1600 кишинин аты кошулду.

Журналисттер орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган 7810 соттолуучунун өлгөнүн тактаган. 5089у мобилизацияланган жарандар болгонун аныкташты.

19-январга карата орус армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн 3 миңден ашуун офицери набыт болгону ырасталды. Алардын 349у подполковник жана андан жогорку наам алгандар болгон.

Согушта каза болгондордун көбү Свердлов, Челябинск жана Ростов облустары жана Буриятиядан.

Журналисттер өлгөндөр тууралуу маалыматтарды согуш башталган учурдан тартып чогултуп келет. Бул тизмеге адамдын каза болгондугу тууралуу маалымат ачык булактар аркылуу же туугандарынын жардамы менен тастыкталган учурда гана киргизилет. Басылмада белгиленгендей, тизмеде өлгөндөрдүн аты-жөнү Орусияда көмүлгөндөн кеминде 40-60% аз болушу мүмкүн. Журналисттер Орусиянын 60тан ашык конуштарындагы көрүстөндөрдүн абалын изилдеп, ушундай жыйынтыкка келишкен.

Орусия 2022-жылдын 14-февралында "атайын операция" деген ат менен Украинага толук масштабдуу согуш башатаган. Андан мурда 2014-жылы жаз айларында Донецк облусунда Орусияны колдогон чагымчыл күчтөрдүн митингинен кийин украин коомунда тиреш башталып, расмий Москва алгач Крымды басып алган.

XS
SM
MD
LG