Алиянын өлүмү: Медициналык борбордун директору кызматтан алынды

Алия Кубанычбекова.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үч жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнөн кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулганын билдирди.

Бул тууралуу ал 18-январда Алия Кубанычбекованын жакындарын кабыл алганда айтканын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул окуядан кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбор жана Алиянын тишин дарылатуу үчүн ата-энеси биринчи кайрылган Dentamax жеке клиникасы жабылды.

Алия Кубанычбекова 2023-жылы 18-декабрда алты сааттык операциядан кийин чарчап калган.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиштери ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси иш козголуп, анестезиолог камакка алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Түркияда Интерпол издеген кыргызстандыктар кармалдыКыргызстанда мал базарлардын дээрлик жарымы талапка жооп бербейтБишкекте тик учак кырсыгында каза болгон аскердин сөөгү жерге берилдиСалык кызматы "Берекет Универсалдан" контрафакт тамеки табылганын билдирдиЖогорку сот кыйноого кабылган адам боюнча кылмыш ишин жандантуудан баш тарттыУКМК Көлбаевдин автоунаасы атайын кызматка берилгенин четке кактыЕвробиримдик жана бир нече элчилик журналисттердин кармалышы боюнча кыргыз бийлигине кайрылды