Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Салык кызматы "Берекет Универсалдан" контрафакт тамеки табылганын билдирди


Салык кызматы тараткан сүрөт.
Салык кызматы тараткан сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы “Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында контрафакттык тамекини сатуу фактысы аныкталганын 19-январда билдирди. Маалыматка караганда, жалпы 8 миң 545 куту тамеки тартып алынган.

Салык кызматы акциздик маркалары жок тамекини 500 даанага чейин саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эскертти.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы “Берекет Гранд” жана “Берекет Универсал” соода борборлорунун негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев менен башкы директору Индира Абласова алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирген.

Маалыматта тергөөдө “Берекет” жабык акционердик коомунун жетекчилери 2017-жылдан бери ижарачыларды соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу жана сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашканы айтылган. Алардын баасынын чарчы метри 500дөн 2000 долларга чейин болгону, мындан тышкары ишкерлерди 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсация төлөөгө мажбурлашканы белгиленген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 19-январда “Берекет” ишканасынын негиздөөчүсү Болотбек Бегалиев жана компаниянын президенти Индира Абласова кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Атайын кызмат “Берекет” жабык акционердик коому ижара акыны 30% арзандатканын расмий жарыялап, бирок ижарачылардын 90% бааны 10% гана төмөндөткөнүн билдирген.

Болотбек Бегалиев 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынан, 2021-жылы №25 Аламүдүн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Анын адвокаттары менен жакындары азырынча комментарий бере элек.

Былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG