Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

УКМК Көлбаевдин автоунаасы атайын кызматка берилгенин четке какты


Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган автоунаалары.
Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган автоунаалары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунаанын атайын кызматка берилгени тууралуу маалыматты четке какты. Атайын кызматтын төгүндөө билдирүүсү 19-январда жарыяланды.

Маалыматта УКМК буга чейинки ыкчам-тергөө иштерининин жүрүшүндө Көлбаевге таандык унааларды аныктап, бул мүлк боюнча чечим кабыл алуу үчүн аларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп бергени айтылат.

“УКМКнын балансында өзүнүн милдетин аткарууга жетиштүү сандагы автоунаалар бар. УКМК жарандарды чагымчыл мүнөздөгү, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик мекемелердин гана маалыматтарын алууга чакырат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтын билдирүүсү боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги комментарий бере элек.

17-январда аталган агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп бергенин билдирген.

Андагы маалыматка ылайык, 2019-жылы чыккан Kia Rio X-Line үлгүсүндөгү 1 млн 150 миң сомдук машинеси УКМКга, 2017-жылы өндүрүштөн чыккан 25 млн 500 миң сомдук Mercedes-Benz S600 автоунаасы президенттин иш башкармалыгына берилгени айтылган.

Андан тышкары Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган машинелеринин дагы төртөө - BMW Alpina XB7, Mercedes-Benz G500, Hyundai Genesis, Toyota Land Cruiser Prado аукционго коюлганы маалымдалган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Анын ичинде коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык люкс автоунаа, зер буюмдар жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG