Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Евробиримдик жана бир нече элчилик журналисттердин кармалышы боюнча кыргыз бийлигине кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддын, Португалиянын, Испаниянын жана Швециянын элчиликтери Кыргызстанда журналисттердин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Алардын биргелешкен билдирүүсү 19-январда жарыяланды.

Кайрылуу жолдогондор кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышкан.

“Ар түрдүү пикирлерди билдирүү жана көз карандысыз журналистика жалпы адам укуктарын жана сөз эркиндигин ишке ашыруунун негизги мүнөздөмөлөрү болуп саналат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттердин жапырт кармалып, камалышынан улам Кыргызстандын бийлигин журналисттердин эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө бир катар эл аралык уюмдар да чакырууда.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камакка алынды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык тартипсиздиктер") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу") менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. Маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКга 17-январда да сурак берип чыгышты.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG