Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Бишкекте тик учак кырсыгында каза болгон аскердин сөөгү жерге берилди


Маркум Жайыл Самудинов.
Маркум Жайыл Самудинов.

Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон аскер Жайыл Самудиновдун сөөгү 19-январда Бишкекте жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты борбордогу үйүндө өттү.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан.

Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.

Жайыл Самудинов 2018-жылы Орусиянын Самара облусундагы Сызрань шаарында жайгашкан аскердик-авиациялык окуу жайын аяктап, ошол эле жылы Кыргызстандын Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн 23 565 номурлуу аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. Эки ай мурун Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына учуу коопсуздугун көзөмөлдөгөн учкуч инспектор болуп которулган.

Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болчу. (BTo)

XS
SM
MD
LG