Кыргызстанда мал базарлардын дээрлик жарымы талапка жооп бербейт

Талапка жооп бербеген мал базардын бири. (архивдик сүрөт)

Жалпы өлкө аймагындагы 45 мал базардын 20сы санитардык-ветеринардык талаптарга жооп бербейт. Былтыр 16 базардын ээсине 160 миң сомдук айып пул салынган.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басары Бакыт Шарапов 19-январда журналисттерге билдирди.

Шарапов ошондой эле 100дөн ашуун касапкананын ичинен былтыр ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 15 касапкана жабылганын да айтты. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбаган касапканаларга 225 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Ошол эле учурда Кыргызстанда бардык талаптарга жооп берген, ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине катталган касапканалар да жок эмес. Бүгүнкү күнү өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан мындай касапканалардын саны онго жеткенин белгиледи Шарапов.

Ветеринардык кызматтын атайын тапшырмасы менен айрым касапкана жок аймактарга 12 касапкана курулган. Учурда Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Ысык-Көл жана Москва райондорунда жаңы мал соючу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүү алдында турат.

Ветеринария кызматы Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу экенин белгилөөдө. Быйыл мамлекеттен вакцина жана мал ылаңын аныктоого 87 млн сом бөлүнгөн.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга байланыштырып, Орусия, Казакстан эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тарткан учурлары бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Борбор Азия: Бутага алынган журналисттерБишкекте тик учак кырсыгында каза болгон аскердин сөөгү жерге берилдиСалык кызматы "Берекет Универсалдан" контрафакт тамеки табылганын билдирдиЖогорку сот кыйноого кабылган адам боюнча кылмыш ишин жандантуудан баш тарттыУКМК Көлбаевдин автоунаасы атайын кызматка берилгенин четке какты11 журналисттин иши: бошотуу чакырыктары, президенттин пикири